2018- жылдын 3-октябрында К.И.Скрябин атындагы Токмок агро өнөржай колледжинин 80-жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Салтанатка Агрардык университетинин окуу иштер боюнча биринчи проректору Иргашев А.Ш., ТЭКнин окуу иштер боюнча директордун орунбасары Шаршембиев Ж.С., Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Жээнбекова Н.Б., ЖЧК ИНТЕРГЛАССынын башкы инженери Жуманалиев М.Ш., соода-өнөржай палатасынын өкүлү Убылкасымов Б.И., Токмок шаарынын вице-мэри Чотбаев К.К, Токмок медициналык колледжинин директору Асаналиева Э.Ч., ТИПКнын директору Карышкырбаев О.К., ТТИнин директору Койчуманова Ж.М., ИСИТОнун директору Алекова Н.Т., КЛ №23 директору Абдурахманова А.Д., Республикалык маданият колледжинин директору Коонтаев Т.Б., Токмок агро өнөржай колледжинин кадырлуу ардагерлери: Джушанло Ю.Щ., Цой Г.В., Мальцев В.И., Мансапова Р.У., Зеленина Н.Г., Поликпашев С.Г., Рыбасов В.Н. жана агай-эжейлери, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышышты.
Салтанатка келген меймандарды Токмок агро өнөржай колледжинин имаратынын алдында студенттер тосуп алышты. Окуу залында уланган мааракеде сөз сүйлөгөн колледждин директору Абдрахманов Э.А. 80-жылдык тарыхы, учурдагы жаңылануулар, келечектеги максаттары боюнча баяндады. Салтанатта олтурган ардагерлерге, жамааттын ар бирине колледжге арнаган ак эмгектери үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Салтанаттуу жыйынга келген коноктор окуу жайдын мааракесине карата жылуу сөздөрүн айтышты.
Ал эми билим берүү жаатында мамлекетке кошкон салымдары үчүн Токмок агро өнөржай колледжинин методисти А.О Сейтказиева Өкмөттүн Ардак Грамотасы, окутуучулары Токмок шаарынын, Чуй облусунун, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Токмок агроөнөржай колледжинин Ардак Грамоталары менен сыйланышты.
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Токмок агро өнөржай колледжи менен Казакстан Республикасынын Беткайнар №7 колледжинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде "Техникалык жана кесиптик билим берүүдө билим берүүнүн өзөктүү көйгөйлөрү" эл аралык семинарына колледждин окуу иштер боюнча директордун орун басары Р.Ш.Джамбудурова., методисти А.О.Сейтказиева., жалпы билим берүү циклдер комиссиясынын төрайымы Ж.Д.Макеева катышып келишти.