Кыргыз республикасынын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл 23-сентябрда 31 жыл болду.
Бул мааракеге байланыштуу "Тил байлыгы, эл байлыгы" аттуу салтанаттуу кечени 2020-жылдын 22-сентябрында К.И.Скрябина атындагы Токмоктук Агро өнөр-жай колледжи онлайн режиминде белгишти. Бул иш-чаранын максаты келечек муунду эне-тилин барктоо менен бирге эне тилинде сүйлөөгө үндөө жана патриоттук сезимдерин козгоо болуп саналат. Онлайн форматтагы кечеде колледждин студенттери кыргыз эл акындарынын чыгармаларын көркөм окуп, обондуу ырларын ырдашып жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын соңунда "Мамлекеттик тил күнүнө карата" студенттер арасында жарыяланган дилбаяндар менен көркөм окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Көркөм окуу боюнча: Ашымова Сайкал Ф1-11 студенти, Боромбаева Алтынай Ф1-11 студенти жана Хакимов Исмаил жеңичүү болуп табылса, ал эми дилбаяндар сынагы боюнча Султан кызы Сезим Ф2-10 группасынын студенти, Нурболот Арстанбеков болуп табылды
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________